Барган сайын Жер планетасында адамдардын саны өсүп, андан улам жаратылыш ресурстарынын тартыштыгы, экология көйгөйүнүн күч алышы, жер кыртышынын катмары  алсызданып, анын кесепетинен табигый өсүмдүктөр, жапайы майда жандыктар аз санда кездешип, аба, суунун  булгануусу учурдун глобалдуу маселесине айланууда.

Адам баласынын жаратылыштын жана анын маанилүү бөлүгү болгон биологиялык ар түрдүүлүктүн сакталышын эске албаган иш-аракети жашоо чөйрөсүнүн деградациясына алып келүүдө. Ал эми, деградацияланган жаратылыш чөйрөсү адамдын муктаждыктарын канааттандыра албай, көп учурда түшүмдүүлүктүн кескин төмөндөшүнө, зыянкечтер менен отоо чөптөрдүн кеңири жайылышына байланыштуу кошумча көйгөйлөрдү жаратат.   

Эксперттердин баамында, дегредацияга учураган жайыттардагы түшүмдүүлүктүн төмөндөшүнөн эле мал чарбасынан алына турган кирешенин 40%га жакынын жоготот экенбиз. Элет элинин мал багууга басым жасап, анын саны көбөйгөндүктөн  жана алыскы жайыттарды колдонуу уюшулбагандыгынан чөп азайып, такыр жерлерге айланууда.

Дүйнөлүк токой чарбасы коалициясынын төрайымы  Анна Кириленко өз баракчасында токой тилкелерин коргоонун маанилүү ролуна токтолуп, андагы жапайы өсүмдүктөрдүн болушу жер  нымдуулугун сактап, жакын жайгашкан айыл чарба жерлерине да жакшы таасирин берерин айтат.

-Ал эми, шалбаасы жок, такыр жер катмарынын жылаңач беттери жаан-чачындарды кармап калбайт. Алар кийин кир агымдарга айланып, киргин суулардын, селдердин, жер көчкүлөрдүн, жээктерди суу жеп кетүүсүнүн жыштыгы менен бүлгүнгө учуратуучу кесепеттери көбөйөт.  Мындай кубулуштар көпүрөлөр менен үйлөрдү кыйратуу, талааларды жок кылуу менен материалдык зыяндарды эле пайда кылбастан, адам өлүмүнө дагы себеп болот-дейт. Ошондой эле, ал бул маселени чечүүдө жергиликтүү деңгээлде микрокоруктарды түзүү керектигин белгилейт.

Мына ушундай көйгөйлүү маселелерди чечүүгө салым кошуу максатында саруулуктар “Жууку дарыясынын жандуу жайылмасы кичи коругу” долбоорунун негизинде бир гектардан ашык жерди курчап, микрокорук уюшулган экен. Бул долбоорду аял депутаттар демилгелеп, «Лидер» бейөкмөт уюму менен биргеликте жазышкан. Алар атайы коомдук угуу уюштуруп, жергиликтүү элдин да, башка депутаттардын да колдоосун табышкан, жыйынтыгында, ушундай корук пайда болгон. 

Демилгени иштетип жаткандар алар жасаган корук адам баласынын иш-аракетинин натыйжасында жакырланган жайыттардын, талаалардын, бакчалардын ичиндеги табигый биологиялык түрдүүлүктүн аралчасы экенин айтышат. Ошондой эле, айлана-чөйрөнү жакшыртуу, зыянкечтердин санын азайтуу, түшүмдүүлүк менен туруктуулукту жогорулатуу ыкмаларынын бири – микро коруктарды уюштуруу экенин жана ал жаратылышты коргоонун башка ыкмаларына салыштырмалуу артыкчылыкка ээ экенин  айтышат.

“Лидер” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Банура Абдиеванын айтканына караганда, өтө көп мал жаюу, же үзгүлтүксүз айдоо көптөгөн пайдалуу жана түшүмдүү түрлөрдүн жок болушуна алып келет. Тоюттук жана жайытка жарамдуу чөптөрдү мал толугу менен жеп салып, кийин урук бербей калат. Канаттуулар менен курт-кумурскалардын пайдалуу түрлөрү тукумдай  турган жер да жок калат. 

Ал эми, жайыттагы микрокорук пайдалуу жана тоюттук өсүмдүктөрдүн уруктарынын жетилүүсүн жана жакын жерлерге таралышын камсыздайт. Натыйжада, алардын түшүмдүүлүгү жогорулайт. Микрокоруктун пайдалуу таасиринин радиусу уруктардын таралышынын аралыгы менен чектеле турганын эстен чыгарбаш керек. Ошондуктан, аны уюштурууда эң башкысы – ар бир өзүнчө микрокорук үчүн ири аянттарды алуу эмес, мүмкүн болушунча көбүрөөк майда участокторду түзүү зарыл.

Микро корукта көбөйүп жаткан пайдалуу фауна зыянкечтердин санын азайтып, чарбалык жерлерди оңдойт. Айрым учурларда пайдалуу түрлөрдү алып келүү максатында жасалма уя турактарын салып, табигый биотүрдүүлүктү калыбына келтирүү үчүн шарттарды бузбай турган башка биотехникалык иш-чараларды аткарууга болот. 

Коруктарды отоо чөптөрдөн тазалоо, пайдалуу канаттуулардын уялоосу үчүн жасалма жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү боюнча айрым биотехникалык иш-чараларды аткаруу, ошондой эле түзүлгөн коруктар боюнча мектеп жылнамасын жүргүзүү, жашыл партрулдарды уюштуруу максатында мектеп окуучуларын да ишмердүүлүккө тартуу иштери жүрөт.

Ал эми, демилгени ишке ашыруу боюнча улуттук бөлүм тарабынан илимий кеңешчилердин катышуусунда жергиликтүү администрация, тургундар, мектеп администрациясы жана окуучулары, бейөкмөт уюмдар арасында микрокоруктардын максаты, мектеп окуучулары, жаштар үчүн тарбиялык жана таанып-билүүчүлүк ролу, зыянкечтердин санын азайтуудагы, айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатуудагы, жайыт өсүмдүктөрү үчүн уруктук генофондду сактоодогу ролу менен пайдасын жана башка пайдалуу жактары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон.

Кийин белгиленген аянттын корула баштаганын көргөн жергиликтүү тургундардын айрымдары коруктун иштешине каршы экендиктерин билдирип чыгышты. Кай бирлери мындай жакшы иштер дайыма тартыла бербестигин айтышып, ишке ашса айыл элине да жакшы болмок. Иштейм деп, демилге көтөргөн азаматтарга жолтоо болбойлу дешип, талаш-тартыштар болду.

Жолугушууга келген Б.Абдиева жана айылдык  кеңештин депутаттары жергиликтүү эл менен кезигип, кооптонууга эч кандай негиз жок экенин айтышты.

— Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактардан айырмаланып, микрокоруктар чарбалык пайдаланууга жарамдуу ири жерлердин бөлүнүп берилишин, же алып салынышын талап кылбайт. Алар маанилүү практикалык баалуулугу болбогон өтө эле кичине аянттарды – ыңгайсыз, таштак жана аскалуу жерлерди, жарларды ж.б. ээлейт. Корукка алынган аймакты кайтаруу үчүн штат дагы талап кылынбайт. Аны уюштурууга аз жана колдон келген эмгек менен материалдык чыгым кетет. Корук жайгашкан жер ошол  чөйрөнү жакшыртат, зыянкечтердин санын азайтат, айыл чарба жерлеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатат, зыянкечтер менен күрөшүү боюнча каражатка муктаждыкты азайтат, экологиялык туруктуулукту жогорулатып, табигый чөйрөнү оңдойт.

Жапайы чаңдаткычтар уруктардын таралышына катышкан жырткыч канаттуулар, курт-кумурскалар ж.б. жаныбарлардын пайдалуу түрлөрүнүн жашаган жерлерин сактап калуу, жапайы мөмө дарактардын, абрикос жана алма бактарынын андан ары шалбаа жана жанаша аймактарга өсүүсүн камсыздоо максатында жагымдуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүүдө бул демилге көп иштерди алып барат.

 Ал эми сиздер чочулаган тосмолор негизинен малдын кирүүсүнө жол бербөө үчүн гана орнотулган. Бул саамалык өз ишин аяктагандан кийин, ал жердеги тосмолор алынып, башка аймакка көчүрүлөт. Жер ордунда калат,-деди Б.Абдиева.

Ал эми, чогулган айыл тургундарынын айрымдары белгиленген жер курчалып калса, уй жайганга жайыт тартыштыгы жараларын, элет жеринде мал кармап, уй сүтү менен жан сактап жатышкандыктарын айтышты.

Айылдык кеңештин төрайымы  Айнура Оморова бул демилге тууралуу эч кандай чочулоо болбошу керектигин,  болгону ал үчүн аз гана токой тилкесинде иш алып барыларын жана анда жакшы иштер жүрөрүн, жаратылышты коргоого алып, жакырланган жерлерди жакшыртууга багытталганын айтып, ар бир ой жүгүртүүңөрдү терең талдап, туура чечимге келсеңер, корукту уюштуруу иши жакшы натыйжаларды берет — деди.

Бирок, демилгеге каршы чыккан тургундар өз ойлорун беришкен жок. Аталган жерге корук орнобой, тосмолмор алынып, мал жайылмай болду.

Автор: Назгүл АЧАКЕЕВА