Тренинг для тренеров

2022-ж. 19-27-апрелинде Ош жана Ысык-Көл облустарында DigiKonush долбоорунун алкагында 30дан кем эмес жергиликтүү активисттер, ЖОЖдордун, мектептердин, ПТУнун мугалимдери өздөрүнүн электрондук курстарын жаратууга үйрөтүлдү. Иш-чарага, ошондой эле, Баткен облусунун жашоочулары катышты.  

Болочок тренерлер өз продуктуну алдыга жылдырууну жана сатууну, рынокту жана атаандаштыкты анализдөөнү, өз кызматтарынын колдонуучуларын аныктоону үйрөнүштү.

Окуткан тренерлердин бири Азиз Солтобаевдинайтымында, бул тренингдер эксперттердин көп жылдык тажрыбасын камтып, практикалык үлгүлөргө ээ:

 «Окуулар оюн түрүндө, жайдары мүнөздө өтүп, ошол эле кезде абдан интенсивдүү болду. Анын аякташы менен катышуучулар – жергиликтүү тренерлер мыкты билимдерди алып, компьютердик сабаттуулук болобу, же тигүүчүлөр үчүн графикалык дизайн болобу — санарип көндүмдөрдүн ар кайсыл багыттарында өздөрүнүн курстарын ача аларына ишенебиз”.

Өз кезегинде катышуучулар азыркы заманда санарип көндүмдөргө курч муктаждык сезилип жатканын белгилешти:

 «Бул курстардын артыкчылыгы – алар кыргыз тилинде өткөнүндө… Баарбызга белгилүү болгондой эле, азыр мектептерде санариптештирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ар бир ата-эне өз баласынын жетишкендиги, үй тапшырмалары, алган баалары боюнча маалыматты алыш үчүн курстарды өткөрөлү деп жатабыз. Араван районунун Достук айылынан баштоону пландап жатабыз”. (Чынгыз Дүйшеев, ОшМУнун магистратурасынын студенти).

“1-күнү бизге интернет булактарын кантип колдонуу керектигин үйрөтүштү. Андан соң онлайн курстарды кантип жасоону, кантип пландаштырууну, аудиторияны табууну үйрөтүштү. Азыр курстарды коргоо жолдорун үйрөтүп жатышат. Эки факторлуу аутентификацияны, кандай чабуулдар болушу мүмкүн – ушул жөнүндө маалымат беришти. Мен кыска видео-сабактарды айылдын жашоочулары үчүн жасоону ойлонуп жатам. Кийин аларды жүктөп, жумушта дагы көрсө болот”. (Данияр Хабибулаев, Баткен облусу, Сумбула АӨ, жеке ишкер).

“Окуганга эч качан кеч эмес экен! Ушундай майдалап окутуп жатышат, кандай аудиторияга иштеш керек, кантип видео, постторду жасаш керек. Көп тармактуу онлайн курстарды ачканы жатам.” (Нуржамал Эралиева, активист, Ысык-Көл облусу).

ОшМУ жана Касым Тыныстанов атындагы ЫМУ университеттеринин базасындагы Санарип көндүмдөр борборлорунда тренингдерди, ошондой эле,  эксперттер Талант Султанов жана Фариза Чилмергенова өткөрүштү. Мындай Борбор БатМУда дагы ачылган. Борборлорду жабдуулоого DigiKonush долбоорунун алкагында 50 миң евродон ашык акча сарпталды.

«DigiKonush санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоору “Лидер” жарандык демилгелер борбору тарабынан, Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору менен өнөктөштүктө, Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Ал айыл жергелеринде жашаган аялдардын жана жаштардын санариптик сабаттуулугун жогорулатууну, айылдар менен шаарлар ортосунда санариптик ажырымды төмөндөтүунү көздөйт.

Долбоордун Коомчулук менен байланышуу бөлүмү.

Кошумча суроолор боюнча: 0555 311 355 (Рахат Макеева)