Кулактандыруу

«Лидер» жарандык демилгелер борбору» коомдук бирикмеси айыл жаштары менен аялдардын уюмдарына болуп жаткан кемчиликтерди жоюуда колдоо кѳрсѳтүүгѳ, ошондой эле шаар жана элет тургундарынын ортосунда санариптик ажырымдарды аныктап чыгууга багытталган конкреттүү максаттарды коюу менен
электрондук ѳкмѳттүк системаны ѳзгѳртүү процесстерине маанилүү ѳлчѳмдѳ таасир этүү үчүн Кыргызстандагы санариптик трансформация процесси али баштапкы стадияда экенин эске алуу менен

аналитикалык эксперттик топ түзүү максатында жергиликтүү жана мамлекеттик башкарууга ЖКУ, IT тармагынын изилдѳѳчү социологдорун, эксперттерин жумушка алууну жарыялайт.

«Лидер» ЖДБ КБ менен аналитикалык топтун ишмердүүлүгү тѳмѳнкү багыттарда ишке ашырылат:

  • элеттик аялдар менен жаштардын муктаждыктары жѳнүндѳ сурамжылоолор/изилдѳѳлѳр
  • санариптик тажрыйбанын жеткиликтүүлүгүн изилдѳѳ
  • кесиптик билим берүү жана окутуу мекемелери менен формалдык эмес билим берүү уюмдары тарабынан колдонулган санариптик кѳндүмдѳр боюнча маалыматтар
  • аялдар менен жаштардын түрдүү топторунун муктаждыктарына арналган сурамжылоо/санариптик анализ.

Башкы максаттар:

Айыл жерлеринин тургундарына ѳзгѳчѳ кѳӊүл буруу менен, максаттуу топтордо — жаштарда жана аялдарда санариптик кѳндүмдѳрдүн калыптанышындагы кемчиликтерди анализдѳѳ:

  • Кыргызстандагы Интернет-колдонуучулар тууралуу жеткиликтүү изилдѳѳлѳр жана маалыматтар (Интернетте деле маалыматтар бар, бирок алар эскирүү менен катар эле булакка жараша бири-биринен ѳтѳ эле айырмаланып турат, ошондуктан чындап Интернет колдонгон жергиликтүү жашоочулардын, алардын ичинде долбоордун аймактарынын тургундарынын кѳз карашынын негизинде учурдагы абалды аныктап чыгуу зарыл).
  • Максаттуу топтордун санариптик окууга мүмкүндүк алуусун баалап чыгуу: санариптик кѳндүмдѳргѳ окутуунун кандай варианттары жеткиликтүү (негизги кѳӊүл онлайн-курстар менен базалык санариптик кѳндүмдѳргѳ бурулат), козголгон негизги темалар/наркы/максаттуу топтор/жеткиликтүүлүк/камсыздоочулар; (базалык) санариптик кѳндүмдѳрдү жана кибергигиена ыкмаларын жакшыртууга басым жасоо менен онлайн-курстарды картографиялоо.
  • Базалык санариптик кѳндүмдѳрдү билүү жана колдонуу деӊгээлин аныктоо (тоскоолдуктарды кошкондо, бул деӊгээлге таасир этүүчү негизги факторлор кайсылар).
  • Кибергигиена менен киберкоопсуздукту билүү жана колдонуу деӊгээлин аныктоо (тоскоолдуктарды кошкондо, бул деӊгээлге таасир этүүчү негизги факторлор кайсылар).
  • Санариптик кѳндүмдѳрдү окутуп-үйрѳтүүдѳ максаттуу топторго ылайык муктаждыктар кайсылар (темалар, ыкмалар, жайгашуу/жеткиликтүүлүк).
  • Санариптик кѳндүмдѳрдү окутуп-үйрѳтүүдѳ айылдык жана шаардык максаттуу топтордун ортосундагы башкы айырмачылыктар эмнелер?
  • Интернеттин жеткиликтүү болуусу. Жеткиликтүү болбогон учурда тоскоол болгон жагдайларды изилдеп чыгуу.
  • Интернет жеткиликтүү болгон учурда колдонуучулардын жүрүм-туруму менен адаттарын изилдеп чыгуу (социалдык тармактар, мессенджерлер, электрондук почта, издѳѳ системалары, онлайн-сатып алуулар, Интернет-банк, электрондук кызматтар ж.б.)
  • Кыргызстанда Интернет-мейкиндикти укуктук жѳнгѳ салуу маселелери боюнча документтер.
  • Кыргызстанда Интернеттин ѳнүгүүсүнѳ байланыштуу тема боюнча жарыяланган негизги нарративдердин медиаизилдѳѳсү.

Жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруу органдарынын жѳндѳмдүүлүгүнүн анализин пайдалануу жана мамлекеттик электрондук кызматтарды кѳрсѳтүү (кѳӊүлдү эки аймактын ар биринде 60тан 120 муниципалитетке топтоо):

  • Кыргызстанда ѳкмѳт, мамлекеттик мекемелер,ѳзүн-ѳзү башкаруулар кандай электрондук кызматтарды кѳрсѳтүшѳт ((активдүү) колдонуучулардын тиби, саны боюнча).
  • Жергиликтүү муниципалитеттердин онлайн-катышуусун анализдѳѳ (веб-сайттар, социалдык тармактар, ѳз ара аракеттешүү деӊгээли/жыштыгы, интерактивдүүлүк деӊгээли).
  • Электрондук мамлекеттик кызматтар колдонулган учурда конкреттүү кандай мамлекеттик электрондук кызматтар колдонулганын аныктоо.
  • Эгер киши электрондук кызматтардан пайдаланбаса, анда тийиштүү себептерди изилдеп чыгуу.
  • Элдин электрондук кызматтарга карата мамилесин, ошондой эле пайдаланууга тоскоолдук жараткан жагдайларды билүү максатында мындай кызматтарды колдонуучулардын да, аларды колдонбогон кишилердин да фокус-топторун уюштуруу.

Санарип ишкердикке арналган билим берүүнү жана курстарды, ошондой эле бул чѳйрѳдѳгү ишке ашыруу мүмкүнчүлүктѳрүн анализдѳѳ:

  • Кесиптик-техникалык окуу жайларына, формалдуу эмес билим берүүнү даярдоо жана уюштуруу мекемелерине басым жасоо менен Ысык-Кѳл областы сыяктуу эле, Ош областында дагы (мекемелерди же провайдерлерди, негизги темаларды, наркын, жеткиликтүүлүгүн, максаттуу топторду, окутуу ыкмаларын кошуп) сунушталып жаткан санарип ишкердик боюнча окуу курстарынын картасын түзүп чыгуу.
  • Электрондук коммерциянын/санарип ишкердиктин ѳнүгүү деӊгээлине баа берүү (максаттуу топтордун ичинде теманы аӊдап-түшүнүү, тартуу/кабыл алуу деӊгээли, аялдардын катышуу деӊгээли, бул эки аймакта кеӊейүү жолундагы негизги тоскоолдуктар эмнелер, стартаптардын экосистемасын баалоо).
  • Жумуштуулуктун статистикасы (сектордун, жыныстын жана курактын дифференциациясы)
  • Аялдардын ишкердигин колдоо үчүн кандай демилгелер же мүмкүнчүлүктѳр бар?
  • Изилдѳѳнүн жүрүшүндѳ алынган маалыматтар менен жалпы эле ачык маалыматтар салыштырылган анализ. Кызматтардан пайдаланууга тоскоол болгон негизги 5-10 жагдайдын сыпаттамасы. Биздин программа аркылуу жеӊип чыгуу мүмкүн болгон тоскоолдуктарды идентификациялоо, ошондой эле аларды жеӊип чыгуу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу.

Методология

  • Изилдѳѳнүн алкагында сапаттык да, сандык да маалыматтарды топтоо жана анализдѳѳ ишке ашырылышы ыктымал. Иллюстративдик методологиянын мааниси мында: провайдер сунушталган методологияны калктын майда топтору боюнча иштеп чыгып, үлгү топтун планын сунуштайт. Үлгү топтун сунуш кылынган планы сунушталган ыкмаларга шайкеш келүүсү зарыл жана ал калктын ар бир майда тобу үчүн репрезентативдүү болууга тийиш эмес.

Негизги милдеттер

Аналитикалык топтун катышуучулары тѳмѳнкү милдеттерди аткарышат жана булар менен гана чектелбейт:

  • ЖКУ эксперттерин, социологдорду, IT-адистерди жана башка профилдик эксперттерди, жергиликтүү жана мамлекеттик башкаруунун ѳкүлдѳрүн камтыган долбоордун аналитикалык тобунун иш-чараларына катышуу
  • Методологияны иштеп чыгууну баштатуу үчүн базалык документтерди изилдѳѳ
  • Аналитикалык топтун, Маалымат технологиялары жана коммуникациялары боюнча мамлекеттик агенттиктен, жеке менчик изилдѳѳ компанияларынан чакырылган эксперттердин жардамы менен изилдѳѳнүн методологиясын жана мониторингдин методологиясын иштеп чыгуу
  • Изилдѳѳнүн инструменттерин иштеп чыгуу (анкеталар, нускамалар, интервьюерлердин тобун тандоо, таратылуучу материалдар, талаалык изилдѳѳчүлѳрдүн тобун тандоо).
  • Изилдѳѳчүлѳр үчүн семинар даярдоо жана ѳткѳрүү (12 катышуучу)
  • Кыргыз Республикасында долбоорго таасир эткен абалга жана процесстерге мониторинг жүргүзүү («Түндүк» МС, ЖТП, IT-кызматтардын провайдерлеринин, мамлекеттик саясаттын жана жергиликтүү ѳзүн-ѳзү башкаруунун ишмердүүлүгү)

НАТЫЙЖАЛАР

Негизги натыйжалар:

Долбоордун бул этабынын алкагында тѳмѳнкүдѳй натыйжаларды тапшыруу талап кылынат:

  • Изилдѳѳ тобу үчүн иштелип чыккан жана ѳткѳрүлгѳн семинар
  • Жеке жоопкерчилик жана жогоруда аталган иш-чараларды аткаруунун графиги ѳзүнчѳ талкууланат.

ТАЛАПТАР

  • Изилдѳѳлѳрдү жана түрдүү баа берүүлѳрдү жүргүзүү боюнча тереӊ билимдин жана жетиштүү тажрыйбанын болушу (билим берүү, IT чѳйрѳсүндѳ, калктын аялуу топтору менен иш алып барууда).
  • Татаал маалыматтарды так жана түшүнүктүү форматта анализдѳѳ жана берүү жѳндѳмдүүлүгү.
  • Күчкѳ ээ юридикалык документтер
  • Ишти аткаруу мѳѳнѳттѳрүн сактоо жана купуялуулук.