Чыгыш №57

«4» сентябрь 2023-жыл

Айыл окмот башчысына

______________________

Урматтуу айыл окмот башчы,

           «Лидер» Атуулдук демилгелер борбору» коомдук бирикмеси Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн кошкон салымыңыз үчүн Сизге терең ыраазычылык билдирет.

         Азыркы учурда биз Биоартүрдүүлүктүн негизги аймактарын сактоо Өнөктөштүк фондунун (CEPF)  (Франция өнүгүү агенттигинин, Conservation International уюмунун, Европа Биримдигинин, Глобалдык экологиялык фондунун, Япония өкмөтүнүн, Джон Д. Фондунун жана Дүйнөлүк банктын  биргелешкен демилгеси) финансылык колдоосу аркылуу  Кыргызстандагы, ошондой эле коңшу Казакстан менен Өзбекстандагы биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги райондорун жана коридорлорун сактоо боюнча «Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү» долбоорун ишке ашырып жатабыз.

Долбоордун максаты – Кыргызстанда 5 микрокорукту уюштурууга жана микрокоруктардын регионалдык тармагына арналган маалымат порталын түзүү аркылуу Казакстан менен Өзбекстан үчүн алкактарды институтташтырууга көмөк көрсөтүү.

Сиздин Айыл өкмөтү биоартүрдүүлүктүн коридорунда жайгашкандыктан, Микрокоруктарды же жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү үчүн пилоттук жергиликтүү коомчулуктарды тандоо жөнүндө конкурсуна катышууну сунуштайбыз.

Бул каттын тиркемесинде Конкурс жөнүндө жобону жолдойбуз. Эгер сиздин коомчулук долбоорго катышууга кызыкдар болсо, кийинки документтерди белгиленген дарекке жөнөтүүңүздү өтүнөбүз leader.org.kg@gmail.com

А) Анткетаны толтуруу

Б) Айылдык кеңештин, коомчулуктун жана Айыл өкмөтүнүн атынан кызыктарлыгын билдирген кат

Конкурсту өткөрүү мөөнөттөрү:

1 этап – кызыкдарлыгын билдирген катты жана анкеталарды алуу 2023-жылдын 19-сентябрына саат 17:00гө чейин

Урматтоо менен,                                                    

Банур Абдиева, 

долбоордун жетекчиси

+996772203949