«Лидер» Атуулдук Демилгелер Борбору Коомдук Бирикмеси

 («Лидер» АДБКБ)

Микрокоруктарды же жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү үчүн пилоттук жергиликтүү коомчулуктарды тандоо жөнүндө конкурстун

ЖОБОСУ

Жалпы абалдар

Ушул Жобо Кыргызстандагы, ошондой эле коңшу Казакстан менен Өзбекстандагы биологиялык ар түрдүүлүктүн негизги райондорун жана коридорлорун сактоо боюнча «Кыргызстандын региондорундагы микрокоруктардын концепциясын кеңейтүү» долбоорунун алкагында иштелип чыккан. Долбоор Биоартүрдүүлүктүн негизги аймактарын сактоо Өнөктөштүк фондунун(CEPF)  (Франция өнүгүү агенттигинин, Conservation International уюмунун, Европа Биримдигинин, Глобалдык экологиялык фондунун, Япония өкмөтүнүн, Джон Д. Фондунун жана Дүйнөлүк банктын  биргелешкен демилгеси) финансылык колдоосу аркылуу  «Лидер» Атуулдук Демилгелер Борбору Коомдук Бирикмеси тарабынан ишке ашырылат.

Долбоордун максаты – Кыргызстанда 5 микрокорукту уюштурууга жана микрокоруктардын регионалдык тармагына арналган маалымат порталын түзүү аркылуу Казакстан менен Өзбекстан үчүн алкактарды институтташтырууга көмөк көрсөтүү.

Биз 5 микрокорук түзүүнү пландаштыруудабыз. CEPF тарабынан иштелип чыккан негизги аймактардын картасына ылайык,   Кыргызстанда 32 БНР (биоартүрдүүлүктүн негизги райондору) бар, алардын ар бири жети коридордун биринде жайгашкан. Бул жөнүндө маалымат бул жерде. (https://www.cepf.net/sites/default/files/mountains-central-asia-ecosystem-profile-rus.pdf)

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында 40 административдик округ бар. Конкурстун дагы бир милдети болуп CEPF документтерин изилдеп чыккан соң, конкурска жана долбоорго катышуу демилгесин көтөрүп чыга турган абдан жигердүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу тобун жана жарандык коомду аныктоо болуп саналат.  

Ушул жобо Микрокоруктарды же жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү үчүн пилоттук жергиликтүү коомчулуктарды тандоо жөнүндө конкурстун шарттары менен өткөрүү тартибин аныктай турган документ болуп саналат жана долбоордун уюштуруучулары менен катышуучуларынын ортосундагы өз ара мамилелеринин жалпы эрежелерин белгилейт.

Аймакты тандоо критерийлери:

1. Микрокоруктардын аймагы БНР (биоартүрдүүлүктүн негизги райондору) коридорлорунун чегинде болушу кажет жана CEPF демилгесинин критерийлерине ылайык глобалдык жоголуп кетүү коркунучундагы түрлөрдү камтышы керек (көбүрөөк маалыматты шилтеме аркылуу билсе болот https://www.cepf.net/sites/default/files/mountains-central-asia-ecosystem-profile-rus.pdf )

2. Микрокоруктун же жергиликтүү мааанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын оперативдүү башкаруусун камсыздай турган, долбоорду ишке ашырууда жумушту аткаруу менен отчеттуулукту жүргүзө турган демилгечи топ (аялдардын, жаштардын, айылдык кеңештин депутаттарынын жана башка коомдук топтордун өкүлдөрүнүн демилгелери колдоого алынат)

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (жергиликтүү кеңештин, айыл өкмөтүнүн микрокорукту түзүү жана илгерилетүү боюнча жазуу түрүндөгү макулдугу) жана жергиликтүү калктын колдоосунун болушу

4. Микрокорукка же жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы үчүн сунушталып жаткан тилкенин жер жана жаратылыш колдонуу укугунун ачыктыгы

5. Микрокоруктун демилгечилеринин/активисттердин маалыматтык ачыктыгы – бул багытта долбоор менен кызматташууга даярдыгы (презентациялар, коомдук угуулар)

6. Микрокоруктун жана/же жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын жерин колдонууда жаратылышты коргоочу мүнөзүндөгү мүмкүн боло турган чектөөлөрдү кабыл алуу, мындай типтеги аймактарда жайгашкан ресурстарды жаратылышта колдонуу маселеси боюнча суроолорду чечүүгө даярдыгы.

Конкурстук комитеттин (жюринин) курамы: Конкурстук комитеттин (жюринин) курамына Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик агенттигинин, Илимдер академиясынын, мамлекеттик университеттеринин өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер ж.б. кире алат.

Конкурсту өткөрүү мөөнөттөрү:

1-этап – 2023-жылдын 19-сентябрына чейин коомчулуктардан кызыкдарлыгын билдирген катты жана анкеталарды алуу

2-этап – 2023-жылдын 25-сентябрына чейин эксперттер тарабынан жаратылышты коргоочу түрлөр жана экосистемалардын предметине карата изилдөөсү

3-этап – 1-октябрь күнү тандоонун жыйынтыгын жарыялоо 

Конкурста катышуу үчүн өтүнмөнүн формасы

Күнү:  ______

Областтын, райондун, айыл өкмөтүнүн аталышы________________________________

Өтүнмө берүүчүнүн дареги жана байланыш номери _____________________________

Жердин сыпаттамасы (фото/видео ж.б. материалдарды тиркеңиз) __________________________________________________________________________

Демилгечи топтын сыпаттамасы_____________________________________________

БНА жана биоартүрдүүлүк коридорунун № (муктаждык болгон учурда, долбоордун өкүлү/эскперт менен бирге толтурулат)

CEPF документине (https://www.cepf.net/sites/default/files/mountains-central-asia-ecosystem-profile-rus.pdf)  ылайык, өзгөчө корголуучу түрлөрдүн тизмеси (муктаждык болгон учурда, долбоордун өкүлү/эскперт менен бирге толтурулат)

Тиркемелер:

  1. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын кызыкдарлыгын билдирген каты
  2. Айыл өкмөт башчысынын атынан кызыкдарлыгын билдирген кат
  3. Учурдагы же мурунку долбоорлордун донорлорунун, өнөктөштөрүнүн  сунуштама каттары