2023-ж. 11-13-январында Караколдо өткөн тренингге Кант, Токмок, Каракол шаарлары, ошондой эле, Кочкор, Кош-Көл, Ананьево, Бөкөнбай жана Барскоон айылдарынын кесиптик лицейлеринин окутуучулары менен администрациялары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө алар ишкердүүлүк боюнча курсту окутууда инновациялык жана санарип аспаптарды өздөштүрбөстөн гана, социалдык тармактарда жана интернетте кесиптик лицейлердин кызматтарын өз алдынча илгерилетүүнү үйрөнүштү. Ал гана эмес, катышуучулар окутуу программасын өй-жүгүртүү дизайны ыкмалары жана нетворкингди түзүү менен жаңылап, өзгөртө алышты. Тренинг ачык сабак менен аяктап, анда мугалимдер өздөштүргөн жөндөмдөрүн кесиптик лицейлердин студенттерине карата колдонуп, бекемдешти.

Алган таасирлери менен бөлүшүп жатып, катышуучулар кесипкөйлүгүн өркүндөтүүгө стимул алып, жаңы идеяларга ачылганын жана өздөрү чоң өзгөрүүгө түрткү алышканын белгилешти. Мындай нерсе тез өзгөрүп жаткан мезгилден артта калбоого жана студенттердин кызыгуусун арттырууга өбөлгө түзөт.   

Тренингге КРнын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий методикалык борборунун баштапкы кесиптик билим берүүнү камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Н. Якупова катышты. Иш-чаранын соңунда 14-январда №14 кесиптик лицейдин окуучуларына ачык сабак өтүлүп, ага министрдин орун басары Абазбек уулу Расул, Орто, жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын жетекчиси А. Б. Найманбаев, Баштапкы кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Г.Дж. Мамырова катышты.

Билим берүү министринин орун басары Абазбек уулу Расул белгилеп кеткендей, «Ишкердүүлүк жана бизнес негиздери” курсу акыркы 17 жылдан бери өзгөрбөй келген:  

«Ишкердүүлүк жана бизнес негиздери” курсу кесиптик билим берүү программасына 2001-жылы киргизилип, бир гана 2006-жылы өзгөртүлгөн. Дүйнө тездик менен өзгөрүүдө жана бул тренинг мезгил менен бир кадам шилтөөгө жардам берет”, — деди ал. Кошумчаласак, бул окутуулар эми Ош жана Баткен облустарынын кесиптик лицейлери үчүн үстүбүздөгү жылдын 1-4-февралында өтөт. Тренингдер “Лидер” жарандык демилгелер борбору (Кыргызстан) тарабынан, Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору менен өнөктөштүктө, Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «DigiKonush — санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоорунун алкагында уюштурулууда.