2-декабрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк компьютердик сабаттуулук күнүндө Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында “Аракетке-береке” долбоорунун Битрикс24 CRM-система менен иштөө боюнча окуулардын биринчи агымы ийгиликтүү аяктады. 2 жума бою 17 кыз-келиндер жана жаштар оффлайн форматында күнүнө 4 сааттан “Чөйрө жаратман борбору” инновациялык борборунда жаңы көндүмдөргө үйрөнүп жатышты. Натыйжада 13 студент курстарды ийгиликтүү аяктап, тиешелүү сертификаттарын алышты.  

Эми айылдык жашоочулар алыстан иштеп эле, айына 10-15 миң сом таба алышат. Көндүмдөрдү андан ары өнүктүрүүдө бул сумма 80-100 миң сомго чейин жетиши мүмкүн.

Айта кетүүчү нерсе, окуулар дароо 3 багыт боюнча жүргүзүлгөн. Мисалы, аналитикага жакын студенттер системанын негизги колдонууну жөнгө салуусун өздөштүрүп алса болот. Мында коддорду жазууну билүү талап кылынбайт. Баарлашуу шыгы өнүккөн курстун катышуучулары телефон жана чаттарда иштей турган сатуу менеджери позициясында өздөрүн сынап көрсө болот. Ал эми майда-барат нерселерди көңүл жаздымда калтырбаган адамдар сатуу бөлүмүнүн кызматкерлеринин сапатын көзөмөлдөө менеджери кызматына ылайык келет. Алар болгону даяр инструкциялардын сакталышына көз салышы керек. Мындай формат бекеринен тандалган эмес – бул нерсе бүтүрүүчүлөргө өздөрүнө эң ылайыктуу жумушту табууга жардам берет. Окуулар кыргыз тилинде өткөнү да баалуу болду.

Окутуу программасына ылайык тренингдин катышуучулары:

-CRM-система эмне экенин жана компаниялар аны эмнеге колдонгонун билишти

  • AraketkeBereke.Bitrix24.ru порталында катталышып, Битрикс24 мобилдүү тиркемени жүктөп алышты жана сатуулардын негизги бөлүмдөрү, этаптары, ошондой эле, келишимдер менен иштөөнү үйрөнүштү  
  • Сатуулар боюнча менеджерлер катары ЧКАны (чечим кабыл алуучу адамды) аныктоого, кардарлардын ар кандай түрлөрүн  айырмалоого жана керектөөнүн аныктоо жолдорун, товардын презентациясын, каршы пикир менен иштеп, келишимдерди жабууну үйрөнүштү.
  • Сатуулар бөлүмүнүн сапатты көзөмөлдөө боюнча менеджерлер катары СРМде келишимдердин карточкаларын толтурууну, чалууларды угуп чыгууну жана менеджерлер боюнча ай сайынкы отчетторду толтурууну, ошондой эле, СКБнын (сапаттуулукту көзөмөлдөө бөлүмү) кызматкерлеринин компаниянын башка кызматкерлери менен баарлашуу этикасын үйрөнүштү.

Иштөөгө зарыл болгон санарип көндүмдөрдү өздөштүрүштү:

  • Zoom конференцияга телефон, компьютер аркылуу туташуу жана үндү башкаруу;  
    • e-mail жана QR-код аркылуу Битрикс24 корпоративдик порталга кирүү;
    • Экранды жандыруу менен корпоративдик чаттарда кесиптештер менен аудио жана видео чалууларды кылуу; 
    • Lightshot программасынын жардамы менен кесиптештерге скриншотторду жөнөтүү;
    • Google Docsто отчетторду жазып, чатка файл же шилтеме түрүндө жөнөтүү;
    • Булутчадагы документтер менен иштөө жана орток документтерди редактирлөө үчүн Google Drive колдонуу;
  • “Аракетке-береке” тренингинин бардык материалдары менен “Билим базасы” папкасына кирүү мүмкүндүгүн алуу.  

Маалымат үчүн: Битрикс24 CRM-системасы учурда Кыргызстанда, Казакстанда, Россияда жана дүйнөнүн дагы башка 15 өлкөлөрүндө активдүү колдонулат. Битрикс24 системасын пайдаланган компанияларда көп учурда порталды жөнгө салуучу менеджерлер, сатуу боюнча менеджерлер жана сатуу бөлүмүндө сапатты көзөмөлдөөчү менеджерлер талап кылынат. Акыркы жылдар, өзгөчө пандемия мезгили, өлкөнүн айрым бөлүгү үйдөн чыкпастан иштеп, көптөгөн маселелерди чече аларын көрсөттү. Балалуу аялдар, жаштар жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер – булар элет жергелеринде квалификациялуу жана айлыгы жакшы жумушту табууда кыйынчылык тарткан калктын тобу. Ошол эле кезде азыр бизнес CRM-системалар менен алыстан иштөөгө жөндөмдөрү бар адистерге муктаж экени белгилүү. 

“Бабушка Эдопшн” коомдук фондунан “Аракетке-береке” долбоору башка 12 долбоорлор менен катар сынактын негизинде 60 стартап-идеялар жана санарип демилгелер ичинен ушул жылы сентябрда тандалып алынган. Бул сынак “Лидер” жарандык демилгелер борбору тарабынан, Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору менен өнөктөштүктө, Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан “DigiKonush — санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу” долбоорунун алкагында өткөн. “Аракетке-береке” долбоорунун идеясы быйыл июлда Швейцариянын Люцерн шаарында өткөн мекендештердин “Чөйрө-2022” форумунда жаралган. Иш-чарага катышкан DigiKonush долбоорунун координатору Банур Абдиева, санариптештирүү тармагында прогрессивдүү кыргызстандыктарды элет жергелерине көбүрөөк көңүл бурууга чакырган болчу. Натыйжада “Бабушка Эдопшн” ККФнын жетекчиси Айдай Кадырова айыл жашоочуларынын санарип сабаттуулугун жана жаңы жумушчу орундарды түзүүнү колдоо максатында “Аракетке-береке” долбоорун демилгеледи.

“Аракетке-береке” долбоору“Бабушка Эдопшн” ККФ http://babushkaadoption.org“Лидер АДБ” КБ, “DigiKonush” долбоору https://leader.kg/category/digikonush
Долбоордун менеджери Алыбаева Айжан +996 558 584 585 alybaeva.a.k@gmail.comДиректору Кадырова Айдай Торобековна +996 551 510 664 aidai@babushkaadoption.orgPR-адис Макеева Рахат +996 555 311 355 rahatmakeeva@gmail.com