Электрондук коммерция сооданын келечеги жана өзгөчө кичи жана орто бизнес үчүн экономикалык өнүгүүнүн негизги кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Ал соода жүргүзүүнүн жаңы ыкмасы болуу менен бир жерге байланбастан бүткүл дүйнө жүзү боюнча чектөөсүз бизнес жүргүзүүгө жол ачат. Маселен, колунда жаш баласы бар энеге же ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген элеттиктерге өз товарларын жана кызматтарын АКШ, Европа, Азияга сатууга шарттар түзүлөт.  

Коронавирус пандемиясы электрондук коммерциянын актуалдуулугун Кыргызстанда да ачыкка чыгарып, 2019-жылы республикада онлайн сатуулардын көлөмү 109 млн. долларга жеткен.  Ал эми жыл сайынкы өсүш 14,1%дын деңгээлинде күтүлүп, натыйжада 2023-жылы бул көрсөткүч 1,4 эсе көбөйүү менен 185 млн. долларга жетеп деп болжолдонууда. Интернет-маркетолог, SMM-менеджер, чат-боттор боюнча адис сыяктуу кесиптер пайда болуп, чоң суроо-талапка ээ болууда.  

Электрондук сода үчүн ал тургай жергиликтүү рыноктун потенциалы зор – Кыргызстанда 6 млн. ашык жашоочулар бар болсо, уюлдук байланыштын колдонуучулары 9,7 млн., интернеттики 3 млн. жана социалдык тармактардын колдонуучулары 2.5 млн. адамга жетет. Алардын баары товарлардын жана кызматтардын потенциалдуу онлайн сатып алуучулары. 

Электрондук коммерция боюнча бул окутуу модулу Европа Биримдигинин, Эстониянын эл аралык өнүгүү борборунун (Таллин),  “Лидер” атуулдук демилгелер борбору коомдук бирикмесинин (Каракол, Кыргыз Республикасы) колдоосу менен “DigiKonush Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоорунун алкагында ” Курак Аялдар форуму” коомдук бирикмеси тарабынан иштелип чыккан.

Курс кыргыз, орус, өзбек тилдеринде жазылып, ар бири 40 сабактан турган 4 бөлүккө ээ (жалпысынан 120 сабак) жана өз алдынча тапшырмалар менен коштолот.  Ар бир каалоочу электрондук коммерцияны жалпы тушүнүктөн тарта салык төгүү жана логистикага чейин камтыган окуудан өтө алат. Дагы маанилүүсү – курс интернетте соода жүргүзүүнү конкреттүү мисалдарда көрсөтөт: бал өндүрүү, как продукциясы ж.б. Бул окуулар кыргызстандыктар үчүн санарип көңдүмдөр аркылуу өз бизнесин өнүктүрүүгө каалаган тилде толук акысыз үйрөнүүгө эң жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. 

Курстар жайгашкан DigiKonush долбоорунун Youtube-каналына шилтемелер: 

Кыргызча: https://www.youtube.com/playlist?list=PLeASz4tCtBOmsR8erCnRC9fs0HXMmicMD 

Орусча: https://www.youtube.com/playlist?list=PLeASz4tCtBOkiLbPSfpJR1vWcqPgjcDuS 

Өзбекче: https://www.youtube.com/playlist?list=PLeASz4tCtBOlChlxT9OXnWYidqSY8XWn1