Европа Биримдигинин «DigiKonush – Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоорунун алкагындагы сынактын финалы 2022-ж. 28-сентябрында Бишкекте жыйынтыкталды.

 Питчингде Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын 6 пилоттук муниципалитеттеринен 25 команда чогулду. Натыйжада гранттык комитет тарабынан эң мыктылар деп төмөнкү 13 долбоор табылды:

  1. “Ilgeri legacy” — Абдыкалыков Эрик (Ысык-Көл облусу)
  2.  «Евро Сервис Групп» ЖЧКсы — Мадымаров Бекболот (Баткен облусу)
  3. “Amanat” — Жакеева Махабат (Ысык-Көл облусу)
  4. “Тескей Геопарк” — Асанакунова Жылдыз (Ысык-Көл облусу)
  5. “Тазар” — Турсалиева Аймээрим (Ош облусу)
  6. “Билегой” — Жыргал Бозгунчиев (Ысык-Көл облусу)
  7. “Аракетке-береке” — Кадырова Айдай (Ысык-Көл облусу)
  8.  “Кызыл китеп” мобилдүү тиркеме  — Усенова Дарина (Ысык-Көл облусу)
  9. “ЭкоБаткен” — Курбанбекова Алиенора (Баткен облусу)
  10. “Техножуркан” — Жолчуева Жазгул (Баткен облусу)
  11. “Тоң билим берүүчүлүк борбору” — Сейитбеков Нурлан (Ысык-Көл облусу)
  12. «Digi Batken Baly” — Матисламова Буузара (Баткен облусу)
  13. “Digi Taxi” — Алчикеев Адилет (Ысык-Көл облусу)

Бул стартаптар жана санарип демилгелер айыл чарба, тигүү өнөр-жайы, бал өндүрүү, экология, транспорт, билим берүү, маданият жана искусствонун актуалдуу көйгөйлөрүн козгойт.

Алсак, «Евро Сервис Групп» долбоору тамчылатып сугаруу аркылуу сугат суусунун тартыштыгын чечүүнү, анын аркасында чыр-чатактарды азайтууга салым кошууну көздөйт.  “Тескей Геопарк” долбоорунун авторлору Ысык-Көлдүн Тескей жээгинин табигый, геологиялык жана маданий мурастарын дүйнөнүн Глобалдык геопарктар тармагына кошуп, ЮНЕСКОнун макамын алууну пландап жатышат. Ага үндөш болгон “Ilgeri legacy” долбоору маданий мурастар объектилерине QR-коддорду ыйгарып, кошумча реалдуулуктун коштоосунда Телеграм-боттун негизинде интерактивдүү оюнду иштеп чыгууну камтыйт. Мындан тышкары, жеңүүчүлөр айыл жергелери үчүн таксинин диспетчердик кызматынын процесстерин автоматташтырууну, кыргыз адабиятын аудио-китептерге айландырууну, бал өндүрүүнү санарип станциялардын жардамы менен жакшыртууну ж.б. көздөйт.

Белгилей кетсек, гранттык комиссияны долбоорлордун ийгилигине ишендирүү үчүн катышуучуларга болгону 5 мүнөттөн берилген.

Сынактын эң жаш катышуучусу 10 жаштагы Дарина Үсөнова, эң улуусу             55 жаштагы Буузара Матисламова болуп калды. Алар да жеңүүчүлөр катарына кирди.  

Сынактын өзгөчөлүгү элеттик жашоочулар алдын ала 4 жумалык даярдыктан өтүп, долбоорлорду баштан-аяк жазып, тартуулаганды үйрөнүшкөнүндө. Жалпысынан сынакка 60ка чукул өтүнмө келип түшсө, алардын 34ү андан аркы акселерациялык программага кое берилген. Жеңип чыккан 13 долбоордун ар бири 5 миң еврого чейин каржылоо алат.

Грантты ыйгаруу боюнча 13 сертификаттан тышкары, катышуучулар акселерациялык программадан өткөндүгүн тастыктоочу сертификаттарды жана электрондук гаджеттер, эстеликке белектер түрүндө көңүл жубатуучу байгелерди дагы алышты.  

Бул сынак Европа Биримдигинин колдоосу жана Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору менен өнөктөштүктө “Лидер” Атуулдук демилгелер борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан «DigiKonush — Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоорунун бир гана компоненти.

Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Элчиси Мэрилин Йозефсон айым Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелерди мындан ары да чыңдоого бекем ниетин билдирип, санариптештирүү сыяктуу өнүктүрүүнүн жаңы багыттары боюнча мамилелерге басым коерун белгиледи. Сынактын гранттык комиссиясынын курамына КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигиин, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, КРнын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин, КРдагы Интернет коомчулугунун өкүлчүлүгүнүн, Кыргызстандын креативдүү индустриялар ассоциациясынын, «TechWomen» КФнун, “Жаштарды өнүктүрүү институту” КФнун өкүлдөрү, ошондой эле, Эстониянын эксперти кирген.