Европа Биримдигинин «DigiKonush – Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоорунун алкагындагы сынактын финалы 2022-ж. 28-сентябрында Бишкекте жыйынтыкталды. Питчингде Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын 6 пилоттук муниципалитеттеринен 25 команда чогулду.

Сынактын өзгөчөлүгү элеттик жашоочулар алдын ала 4 жумалык даярдыктан өтүп, долбоорлорду баштан-аяк жазып, тартуулаганды үйрөнүшкөнүндө. Стартаптар жана санарип демилгелер айыл чарба, тигүү өнөр-жайы, бал өндүрүү, экология, транспорт, билим берүү, маданият жана искусствонун актуалдуу көйгөйлөрүн козгойт.

Жалпысынан сынакка 60ка чукул өтүнмө келип түшсө, алардын 34ү андан аркы акселерациялык программага кое берилген. Натыйжада гранттык комитет тарабынан питчингге өткөрүлгөн 25 долбоордун 13ү эң мыкты деп табылды. Алардын ар бири 5 миң еврого чейин каржылоо алат.

Сынактын гранттык комиссиясынын курамына КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигиин, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, КРнын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин, КРдагы Интернет коомчулугунун өкүлчүлүгүнүн, Кыргызстандын креативдүү индустриялар ассоциациясынын, «TechWomen» КФнун, “Жаштарды өнүктүрүү институту” КФнун өкүлдөрү, ошондой эле, Эстониянын эксперти кирген.

Бул сынак Европа Биримдигинин колдоосу жана Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору менен өнөктөштүктө “Лидер” Атуулдук демилгелер борбору тарабынан ишке ашырылып жаткан «DigiKonush — Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоорунун бир компоненти.