60ка жакын стартап-идеялар дээрлик жарым миллион сомдук каржылоо үчүн ат салышууда

DigiKonush долбоорунун алкагында айыл жамааттар үчүн стартап жана санарип демилгелер сынагына өтүнмөлөрдү кабыл алуу аяктады. Ага өз идеяларын санарип чечимдердин жана технологиялардын негизинде Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын алты айыл өкмөттөрүндө ишке ашырууну каалагандар катыша алды.  

Жалпысынан, 2022-ж. 20-июлунан 20-августуна чейин бүткүл өлкө боюнча жана чет мамлекеттерден мекендештерден 56 өтүнмө келип түштү. Дагы эки катышуучу керектүү материалдарын бир күнгө кечигип жөнөткөн.

Стартап-идеялар жана санарип демилгелер көбүнчө бал челекчилик, тамчылатып сугаруу, 3D-визуализация, айылдарда таштандыларды чогултуу жана сорттоо боюнча уюлдук тиркеме, Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги гео-бакчада туристтик жана табигый объекттерге QR-коддорду ыйгаруу, Лейлек килемдерин жана пилоттук айылдардагы башка продукцияны электрондук дүкөн аркылуу сатуу, жайыттарды эффективдүүрөөк башкарууга багытталган электрондук картаны иштеп чыгуу, робототехника ж.б. тиешелүү болду.   

Мындан тышкары, төмөндөгү бир катар идеялар өзгөчө жаңычылдык бере алды: Кыргызстанда алгачкы веб-студияны түзүү, 6 жаштан баштап балдар үчүн Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жаныбарлар боюнча тиркеме-оюн, мобилдүү башкарылган элеттик digi-такси, тендер өткөрүүчү адис боюнча заманбап курстар.

Гранттык комитеттин биринчи отуруму бүгүн, 23-августта өтөт. Анын курамына КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, КРнын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин, Кыргызстандын Креативдүү индустриялар ассоциациясынын, Аялдар ишкердүүлүгүн өнүктүрүү боюнча коалициянын, ISOC интернет-коомунун, Techwomenдин, Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын жана Жаштарды өнүктүрүү институтунун өкүлдөрү кирди.

Катышуучулар 4 жума бою акселерациондук программаны өтөт дагы,                 долбоорлордун финалдык тандоосу 28-сентябрда болот. Гранттык каржылоонун максималдуу суммасы 5 миң еврону түзөт.