Бүгүн, 2022-ж. 12-августунда DigiKonush долбоорунун алкагында регион жашоочулары жана бардык каалоочулар үчүн гранттык долбоорду иштеп чыгуу боюнча онлайн режиминде семинар өттү. Анын жүрүшүндө долбоордун координатору Банур Абдиева жана ассистенти Мирлан Уржанов стартап жана санарип демилгелер долбоору деген эмне, алардын айырмасы, ошондой эле, долбоордун максаттарын жана милдеттерин SMART  системасына ылайык туура коюп, аларды ишке ашыруу үчүн иш-аракеттерди аныктоо жөнүндө айтып беришти. Мындан тышкары, потеницалдуу кардарлардын сегменти тууралуу маалымат берилди.

Белгилей кетсек, катышуучулар форма толтурууну практикалык жактан сынап, айрымдары семинардын жүрүшүндө эле өз идеяларын аныктап алды. Ал эми айрым грант издөөчүлөр башкалардын идеяларын жакшыртуу боюнча сунуштарын берип жатты. Жалпысынан азыркы тапта сынакка потециалдуу өтүнмөлөр бал челекчилик, кийиз жасоо жана сатуу, сулуулук кызматтарын көрсөтүү, жаштар борборлорун өнүктүрүү, айыл-чарба өндүрүүчүлөрдү колдоо, заманбап веб-сайттарды иштеп чыгуу ж.б. тиешелүү болууда.

Эксперттер өтүнмөлөрдүн формаларын толтурууну конкреттүү мисалдарда гана көрсөтпөстөн, ошондой эле сынакка ийгиликтүү тапшыруу үчүн жекече кеңештер менен бөлүштү. Мындан тышкары, атайын иштелип чыккан көмөкчү материал таратылды. Кошумча иретинде ар бир грант издөөчүгө эксперттерден жекече консультация берилет.

Эске салсак, DigiKonush долбоорунун алкагында стартаптар жана санарип демилгелер сынагына өтүнмөлөр 2022-ж. 20-августуна чейин кабыл алынат. Ага ар бир каалоочу катыш алат. Сынактын талаптары менен таанышып, арыз берүү үчүн шилтеме: https://leader.kg/sanarip-demilgeler-menen-startaptar/  «DigiKonush санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоору “Лидер” жарандык демилгелер борбору тарабынан, Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору менен өнөктөштүктө, Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Ал айыл жергелеринде жашаган аялдардын жана жаштардын санариптик сабаттуулугун жогорулатууну, айылдар менен шаарлар ортосунда санариптик ажырымды төмөндөтүунү көздөйт.