Бул анализ стартаптардын эл аралык методологиясына, «Кейджи Лабс» КФнун ишинин
алкагында айыл чарба тармагында стартаптар боюнча сынактарды өткөрүү, ошондой эле
акыркы он жылда өткөрүлгөн башталгыч жана ири инвестициялык сынактарда тандоо
комиссиясына катышуу жаатындагы жеке тажрыйбага негизделип даярдалды.

Соңку он жылдыкта технологиялардын өнүгүүсү жана Интернеттин адамдын жашоосунун
бардык өңүттөрүнө сүңгүп кириши менен айыл чарба олуттуу санариптик трансформациялар
болуп жаткан тармакка айланууда. Дыйканчылык, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, малчылык, балык
өстүрүүчүлүк жана башка чөйрөлөрдү өз ичине камтыган айыл чарба секторунда санарип
маалыматтардын ири агымы байкалат. Маалымат талаага, фермага орнотулган түрдүү
түзүлүштөрдөн, датчиктерден, агротехникадан, метеорологиялык станциялардан,
спутниктерден, квадрокоптерлерден, тышкы системалардан, булут тармактык
платформалардан келет. Өндүрүштүк чынжырдын ар кандай катышуучуларынан келип, бир
жерге топтолуп бириктирилген санарип маалыматтар жаңы сапаттагы маалыматка ээ болуу,
мыйзам ченемдүүлүктөрдү табуу, бардык катышуучулар үчүн кошумча наркты түзүү,
заманбап илимий иштеп чыгуу (data science) методдорун колдонуу жана алардын негизинде
тобокелдиктерди азайткан, өндүрүүчүлөрдүн бизнесин жана кардарлардын тажрыйбасын
жакшырткан, тармактын кирешелүүлүгүн жогорулата турган туура чечимдерди колдонуу
мүмкүнчүлүктөрүн берет.

Фермерлер, агрономдор, санариптик консультанттар үчүн мобилдик же онлайн-тиркемелер
жеткиликтүү болуп келе жатат. Алар өз талаасы жөнүндө маалымат жүктөөдө
(координаттары, аянты, өсүмдүктөрдүн тиби, мурунку жылдардагы түшүмдүүлүк)
техникадан, датчиктерден, спутниктен алынган маалыматтарды айкалыштырып, өз
участогундагы да, тышкы чөйрөдөгү да тарыхый жана учурдагы факторлордун анализин эске
алуу менен так сунуштарды жана иш-аракеттердин ырааттуулугун бере алышат. Эми
программа үрөндөрдү, жер семирткичтерди себүү, түшүмдү сугаруу же жыйноо үчүн эң

Айыл жашоочулары үчүн санарип технологиялар колдонулган стартаптардын анализи ыңгайлуу убакытты аныктоого, түшүмдү жүктөп, сатып алуучуга жеткирип берүү убактысын
эсептөөгө; продукциянын бузулбай, жаңы бойдон жеткирилишин камсыздоо максатында
сактоо жериндеги жана ташуудагы температураны көзөмөлдөп турууга; түшүмдү жана
кирешени божомолдоого, мурунку көрсөткүчтөр менен салыштыруу аркылуу өсүмдүктөрдү
дарылоону жакшыртуу боюнча кеңештерди алууга жардам бере алат.

Анализдин максаты – Кыргыз Республикасында агрардык тармакка көңүл буруу менен
санарип технологияларды колдонуу боюнча учурдагы абалды аныктоо, ушул эле тармактагы
Эстониянын тажрыйбасын изилдеп чыгуу, окшоштуктар менен айырмачылыктарды аныктоо,
ошондой эле Европа Биримдигинин санарип технологияларды колдонууну илгерилетүүгө,
жаштарды, аялдарды жана башка кызыкдар тараптарды санариптик трансформация
процессине тартууга, билим берүү иш-чараларын өнүктүрүүгө багытталган
«Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» аттуу
долбоорун жүзөгө ашыруунун алкагында стартаптар сынагын өткөрүү үчүн практикалык
сунуштарды алуу.

Толук окуу