Европанын санариптештирүү боюнча эң алдыңкы өлкөлөрүнө билим берүүчүлүк сапар 2023-ж. 12-18-март аралыгында өттү. Тажрыйба алмашуу иретиндеги тур Европа Биримдигинин колдоосунда, Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору (Таллин) менен өнөктөштүктө, “Лидер” атуулдук демилгелер борбору (Каракол) тарабынан ишке ашырылып жаткан «Digikonush – санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу” долбоорунун алкагында уюштурулган.

Кыргызстандын делегациясынын курамына мамлекеттик органдардын 10го чукул өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирди. Сапардын программасы өтө жыш келип, катышуучулар күн сайын Эстониянын Таллин, Нарва ж.б. шаарларынын билим берүүчүлүк мекемелерине (бала бакчалар, мектептерден тартып, ЖОЖдор, кесиптик лицейлерге чейин) жана мамлекеттик, жеке менчик тармактык уюмдарга барып, эксперттер менен жолугуп жатышты.

Мындан тышкары, алар Эстониянын Билим берүү жана илим министрлигинин жалпы билим берүү жана жаштар саясаты боюнча канцлердин орун басары Лийна Пыльдга жана Эстониянын ESTDEV Эл аралык өнүктүрүү борборунун өкүлдөрүнө кызыктырган суроолорду түздөн-түз берүүгө мүмкүнчүлүк алышты.   

Катышуучулардын айтымында, сапардын жыйынтыгында Кыргызстандын санариптештирүү боюнча абалына көз чаптырып, трансформацияга жаңы көз караш менен кароого жана жаңы идеяларды алууга шарт пайда болду.

КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу:

«Менин баштапкы максатым Эстониянын маданий-көңүл ачуучу жана тарыхый жайларына электрондук билеттерди сатуу боюнча тажрыйбасын изилдөө эле. Буга чейин Россия жана Казакстандын электрондук системалары менен таанышып чыккам, бирок Кыргызстанга дал ушул Эстониянын тажрыйбасы баарынан да ылайык деген бүтүмгө келдим. Кеп, ведомствого караштуу жайлардын баарын жеке менчик компанияларга аутсорсингге берүү, бирок мамлекеттин көзөмөлүн калтыруу жөнүндө болуп жатат.

Алгач биз билеттерди электрондук түрдө сатуу боюнча бирдиктүү система түзсөкпү деп ойлоп жатканбыз, бирок Эстониянын үлгүсүндө буга башкача мамиле керек экени билинип калды. Анткени, мисалы, музейлер башка функцияга жана өзгөчөлүктөргө ээ болсо, кинотеатрлар башкага ээ ж.б.у.с. Ошол себептен Эстониянын үлгүсүндө бул жайлардын менеджментин тармактар боюнча жеке компанияларга берүү жөндүү болмокпу дейм. Албетте, эгер алар мамлекет койгон пландарды жана максаттарды так жана абийирдүү аткарып, киреше ачык-айкын эсепке алынып, адилеттүү бөлүштүрүлсө”.

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин санарип трансформациясы боюнча бөлүм башчы Нурлан Шаршенбай уулу:

«Эстонияда санарип жөндөмдөргө мектепке чейинки жаш куракта окута башташат экен, андыктан балдар 6-7-класстарда Python тилинде коддорду жаза алышат, бул болсо Кыргызстандагы программисттердин ортоңку деңгээлине туура келет. Мындан тышкары, жарандардын баштан-аягына чейинки билим алуучулук жолун камтыган электрондук эсепке алуу боюнча ири платформа бар экен. Андагы маалымат статикалык эмес, динамикалуу жана реалдуу убакыт режиминде жаңыланып турат экен. Буга алар кантип жеткен? Кептин баары ата-энелер дагы, студенттер дагы, мугалимдер дагы актуалдуу маалыматты киргизүүгө жеке кызыкчылыгы бар болгонунда. Мисалы, эгер студент өзү тууралуу маалыматты системага киргизбесе, ал коомдук транспортто жол киреге жеңилдик ала албай калат. Ошол эле сыяктуу электрондук күндөлүктөр – ага катталбаган окуучу үй тапшырмасын көрө албайт, ал эми ата-энелер жана мугалимдөр көзөмөлдөөгө мүмкүндүктөн ажырайт.  

Бул сапарда мен жетишпей жаткан билимдеримди толуктап, эми аларды кесиптештериме жеткирүүнү ниет кылдым. Бул болсо 2023-2026-жылдарга эсептелген “Санарип муун” планыбыздагы максаттарга тезирээк жетүүгө шарт түзөт”.

КРнын экс-билим берүү жана илим министри, педагогикалык илимдердин доктору, профессор Уланбек Мамбетакунов:

«Мени баарынан дагы таасирленткен – бул Эстониянын кесиптик лицейлеринде окутуу багыты жумуш берүүчүлөр менен тыгыз байланышта жүргүзүлгөнү болду. Алар менен кеңешип, жыл сайын өлкөгө зарыл болгон кесиптер аныкталат экен. Ошондой эле, ар бир мектеп өзүнүн автономиясына ээ болуп, мугалимдер өздөрү тандаган окуу куралдарын колдоно алганы жакты. Бул жерде эң башкысы мамлекеттик стандарттардагы күтүлүүчү натыйжаларга жетүү экен. Жана, санариптештирүүгө келе турган болсок, Эстонияда бул процесс 30 жыл мурда башталып (мектептерди кошо алганда), учурда мамлекеттик кызматтардын 99% санарип түрдө көрсөтүлгөнү таасирдүү болду”.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин бөлүм башчысы Чолпон Ачикеева:

«Мындай сапарга алгачкы ирет чыктым, андыктан Digikonush долбооруна ыраазычылык. Анын алдында мен атайын Эстонияда жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформа менен таанышып чыккам, себеби президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен учурда бизде дагы айыл өкмөттөрүн ирилештирүү боюнча процесс башталган. Анын сыңары, Эстониянын тажрыйбасында штаттык бирдиктердин өзгөрүшү, жергиликтүү бийликтин жумушу, алардын калк менен өз ара иштеши боюнча суроолор көп эле. Алардын баарына жоопторду алдым, эми апрелде эстониялык кесиптештердин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында маселени тереңирээк изилдеп, пилоттук муниципалеттердин мисалында жер-жерлерде талкуулайбыз деген үмүттөмүн”.

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин «Жаңы китеп» мекемесинин директору Төлөгөн Аматов:

         «Эстонияда китепканалардын санарипке өтүшү 20 жыл мурда башталса, биздин мектептерде бул процесске 2-жыл кетти. Бүгүнкү күндө биз “Жаңы китеп” аттуу окуу куралдарын эсепке алуу системасын автоматташтырып, эми тапшырык берүүнүн электрондук формасы үстүндө иштеп жатабыз. Мындан биз эмнени утабыз? Биринчиден, тапшырыктарга реалдуу убакыт режиминде көз салуу менен окурмандардын жана окуучулардын адабиятка болгон чыныгы керектөөлөрүн аныктоо мүмкүн болот. Экинчиден, райондук жана шаардык китепканачылардын, адистердин жумушу жеңилдеп, алар кагаз жүзүндө чубалжыган отчетторду жазуудан арылат. Жана акыркысы, окурмандарга керектүү адабиятты ыкчам табуу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт”.

Видео тренингдерди иштеп чыгуу боюнча эскперт Назира Эсеналиева:

«Мен Эстонияда алган маанилүү идеялардын бири – бул билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде, бала бакчадан тарта чоң жаш куракка чейинки Ишкердүүлүк мектебинин методологиясы болду. Башкача айтканда, атайын программанын алкагында Эстониядагы бөбөк 5 жаштан баштап, албетте, алгач эң жөнөкөй түрдө, каржылык эсепке алуу жана экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү жөндөмдөрүн үйрөнөт. Мындай окутуу кеңири практика менен коштолот – окуучулар реалдуу банктарга, компания-ишканаларга барып, башкаруучулар менен сүйлөшөт. Дагы бир сонун жагы – бул программага даярдык катары мектеп мугалимдери, бала бакчалардын тарбиячылары жана ЖОЖдордун окутуучулары 6 айлык теренингди чоогу өтөт экен. Кыргызстанда мугалимдер, тилекке каршы, өздөрү изденүүгө мажбур, а бул болсо анчейин жакшы натыйжаларды бербей келет. Менимче, мындай практика Кыргызстанга жакшы жарашмак”.

Стратегиялык башкаруу боюнча эксперт Зауре Сыдыкова:

“Тилекке каршы, Кыргызстанда билим берүүнүн эффективдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча санарип аспаптар азыраак. Эстонияда болсо биз бул ыкмаларды жана аспаптарды өз көзүбүз менен көрүп, башкаруунун сапат жакшырганына ынандык. Анын ичинде, системдүү жана комплекстүү ыкмалар колдонулганы чоң таасир тийгизди. Мындайча айтканда, Эстонияда адамды бала бакчадан тартып университетке чейин электрондук коштоп жүргөнү, бир гана билим берүүгө эмес, жашоого зарыл көндүмдөргө үйрөткөнү жана аны инсан, жаран катары калыптандырганы. Окуучуларды баалоо жана электрондук каттоого алуу системасы, билим берүү мекемеси менен ата-эне жана бала ортосундагы жөнгө салынган кайтарым байланышы эсте калды.

Эстониядан азыртан эле эмнелерди алсак болчудай? Менимче, белгилүү бир предметтер боюнча мектеп мугалимдери менен бала бакча тарбиячыларын кошуп, квалификациясын жогорулатуу ыкмасын. Өзүм үчүн болсо Чоңдорду окутуу концепцииясына киргизүү үчүн бир катар механизмдер менен тааныштым – санарип гана эмес, тиричилик көндүмдөрдү, мисалы, ишкердүүлүктү өнүктүрүү же климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо көндүмдөрү ж.б.

Эстониядан түз эле көчүрүү, албетте, мүмкүн эмес, Кыргызстан экөө бири-биринен айырмаланат, мүмкүнчүлүктөр, ресурстар, даярдык деңгээли башка дегендей. Мындай санарип трансформацияга жер-жерлердеги жакшы интернет, компьютерлер, инфраструктура керек, а буга убакыт зарыл. Эң башкысы, калктын бул билимдерди жана көндүмдөрдү колдонууга даярдыгы, өзгөчө чоңдор арасында. Менимче, биз Эстония сыяктуу алгач санарип технологияларды колдонуудан эл ала турган пайданы көрсөтүшүбүз керек. Башкача айтканда, кыргызстандыктар үчүн кызыктыруучу нерселерди ойлоп чыгуу зарыл. Баарынан дагы буга, албетте, жаштар даяр. Баса, дал ушул жаштар биздин өлкөнүн атаандаштык жаратуучу артыкчылыгыбыз. Аларды санарип көндүмдөргө үйрөтүү менен Кыргызстан алдыга ири секирик жасашы анык”. 

Белгилеп кетсек, Эстонияда инновациялык технологияларды акырындап киргизүү 1991-ж. башталган. Өлкө Европада алгачкылардан болуп мектеп экзамендерин санарип форматка өткөргөн. Учурда мамлекеттик кызматтардын 99% онлайн көрсөтүлөт. Ал эми коррупциялык схемаларга бөгөт коюучу жергиликтүү бийлик менен электрондук өз ара аракеттенүү форматы чет элдик бизнести да өзүнө арбап, экономикага акчалай капиталдын келишине жакшы шарттар түзүлүүдө.

Эстония бир катар жолу окуучулардын билим берүүчүлүк ийгиликтерин балоо боюнча эл аралык PISA рейтингинде Европа өлкөлөрү арасында биринчиликти багындырган.