Гранттык колдоо үчүн Ош, Баткен жана Ысык-Көл облустарынан 25 долбоор күч сынашууда. Эң жаш катышуучу 10 жашта.

Бүгүнкү күндө талапкерлер 4 жумалык даярдоо курсун тажрыйбалуу менторлор Мелис Самаганов жана Аида Курбанованын жетекчилиги алдында аяктоодо. 28 сентябрь күнү питчинг болуп, катышуучулар өздөрүнүн стартап-долбоорлорун жана санарип демилгелерин гранттык комиссияга тартуулайт. Талапкерлер идеяларынын эффективдүүлүгүнө жана ишке ашыруу мүмкүндүгүнө калыстар тобун 3 мүнөт ичинде ынандырышы керек.

Сынактын жеңүүчүлөрүнөн тышкары, көрүүчүлөр сүймөнчүлүгүнүн байге ээлери аныкталат. Долбоорлор ар кайсыл тармактарга: экология, айыл-чарба, веб-продукт, билим берүү, ишкердүүлүк ж.б. тиешелүү.

Бул сынак Европа Биримдигин колдоосу менен Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору менен өнөктөштүктө “Лидер” Атуулдук демилгелер борбору тараптан ишке ашырылып жаткан «DigiKonush Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоорунун бирден-бир маанилүү бөлүгү.

   “Европа Биримдиги Кыргызстандын санариптештирүү боюнча пландарын, анын ичинде ушул долбоорду колдойт. Бул долбоордо өзгөчө басым кыз-келиндерге жана жаштарга, биз өзгөчө көңүл буруп жаткан алардын санарип сабаттуулугуна коюлат. Белгилей кетүүчү нерсе, долбоор МКТ тармагын жакшы билип, мыкты иштелип чыккан тажрыйбасы бар эстониялык жана жергиликтүү уюмдар менен кызматташып жатат», деп белгилейт КРдагы ЕБдин Өкүлчүлүгүнүн саясат бөлүм башчысы Раймондс Вингрис.

          Иш-чарага КРдагы ЕБ Өкүлчүлүгүнүн, Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борборунун, КРнын бир катар министрликтердин өкүлдөрү жана эксперттер, журналисттер катышуусу күтүлүүдө. 

Эске салсак, жалпысынан сынакка 60 өтүнмө келип түшкөн. Биринчи турдун жыйынтыгы менен андан аркы акселерациондук программага 34 долбоор тандалып алынган. Катышуучулар коомчулуктардын көйгөйлөрүн чечүүдө инновациялык санарип чечимдерди сунуштап, элет жашоочулары арасында санарип көндүмдөрдү жайылтууга көмөк көрсөтүшү керек болчу. Өтүнмөлөр Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарынын муниципалитеттеринен же долбоорлорду ушул аймактарда ишке ашыра тургандардан кабыл алынган.