Жарандык коом уюмдары үчүн практикалык окуу куралы

Бул окуу куралы Германия эл аралык кызматташтык коомунун Кыргызстандагы «Жарандык коомду колдоо фонду» долбоорунун алкагында (2012–16-ж.ж.) Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү жарандык коом уюмдарынын омоктуулугун жогорулатуу максатында даярдалды.

Программанын негизги максаты – мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү коомчулуктун өнөктөштүгүн жана өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү.
Бул басылма – FAKT жана INTRAC уюмдарынын жетекчилиги менен иштеген тренерлердин жана консультанттардын эксперттик тобу тарабынан 2016- жылы иштелип чыккан төрт окуу куралынын бири.

Бул окуу куралдарынын сериясынын негизин жарандык коом уюмдары үчүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын областтарында өткөрүлгөн долбоор боюнча окуу тренингдеринин материалдары, бул уюмдардын тажрыйбасындагы практикалык мисалдар, ошондой эле INTRAC, Өнүктүрүү саясаты институту, Жарандык коомду колдоо борборлорунун ассоциациясы жана SBDC Consult (Кыргызстан) сыяктуу уюмдардын ресурстук материалдары түзөт.

GIZ «Жарандык коомду колдоо фонду» долбоорунун алкагында басылып чыккан башка окуу куралдары тууралуу маалыматты бул дарек боюнча табууга болот:
http://cso-central.asia/biblioteka/knigi/. Бардык окуу куралдары орус жана кыргыз тилдеринде басылып чыккан.

Бул окуу куралында авторлор билдирген пикирлер жана көз караштар Германия эл аралык кызматташтык коомунун расмий пикирине шайкеш келбей калышы да мүмкүн.