Мэрилин Йосефсон аталган шаарга 2022-ж. 24-ноябрында келип, дароо Ош мамлекеттик университеттин базасында ачылган Санарип көндүмдөр борборуна (СКБ) бет алды. Бул борбор Европа биримдигинин колдоосунда “Digikonush – санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу” долбоорунун алкагында түзүлгөн.

Элчини ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Digikonush жана Enactus долбоорлорунун өкүлдөрү, мугалимдер, студенттер жана активисттер тосуп алышты. Маданий программадан соң Digikonush долбоорунан бир катар санарип продуктулар тартууланды.

Алардын бири – Кыргызстандын санарип көндүмдөр боюнча окутуу курстарынын провайдерлеринин интерактивдүү картасы. Ал ичине мекемелердин даректерин жана байланышуу номурларын гана эмес, сунушталган адистиктерин, окутуу мөөнөттөрүн жана каржылык шарттарын камтыйт. Мындай нерсе региондордогу жашоочуларга өзүнө ыңгайлуу курстарды салыштырып, үйдөн чыкпастан тандап алууга мүмкүнчүлүк берет.  

Андан соң Элчиге «Курак энциклопедиясы» атуу виртуалдуу көргөзмө тартууланды. Бул санарип продукту элеттик аялдар жана жаштар үчүн электрондук коммерция боюнча курстарды иштеп чыгууга байланыштуу субгранттын бөлүгү. Көргөзмөдө Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин экспонаттары колдонулган, айрым курактар 100 жылдан ашкан тарыхка ээ. Мындан тышкары, санарип технологияларды колдонуудагы элеттик жаштар жана аялдардын базалык көндүмдөрүн, керектөөлөрүн изилдөө боюнча натыйжаларды камтыган инфографика тартууланды.

Мэрилин Йосефсон, ошондой эле, ЕБ каржылаган чакан гранттар сынагында жеңген айылдык жашоочулардын стартап-долбоорлорун баалады. Алардын арасында 10 жаштагы Дарина Усенова жана анын командасы сейрек жаныбарларды коргоого багытталган “Кыргызстандын Кызыл китеби” долбоорун тартуулашты. Ал эми Ош облусунун Мырза-Аке айылдык кеңешинин төрайымы Гүлкан Жороева жана Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты Гулнур Ажиева “Тазар” долбоору тууралуу айтып беришти. Анын негизинде жергиликтүү окуучулар калдыктарды атайын сорттоочу чарбага тапшырып, мобилдүү тиркеме аркылуу упайларды топтоп, дептер, калемсап сыяктуу пайдалуу буюмдарды белекке алышат.

Кошумча иретинде Enactus Кыргызстан “Жаш Табышкер” долбоорунан 8 жаш жеке ишкерлерден чакан жарманке уюштурду. Мыдан тышкары, кошулмалар менен Tunuk Honey балын жана Накта Как аттуу өндүрүм боюнча стартаптарды тартуулашты.

Белгилеп кетсек, ушундай эле Санарип көндүмдөр борборлору, ошондой эле, Баткен жана Ысык-Көл мамлекеттик университеттеринде ачылган. Алар ноутбуктар, интерактивдүү доска, башка керектүү техника жана эмерек менен камсыздалган. Жыл башынан бери элеттик мугалимдер, жаштар, активисттер жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери ар кандай санарип көндүмдөмдөргө үйрөнүп, жада калса, өздөрүнүн электрондук курстарын башынан түзүүгө жана интернетте сатууга окутулган. Учурда бул борборлордо ЕБдин башка алдыңкы эксперттери жана менторлору сабактарды өтүп, кошумча туруктуулукту жаратууда.

Иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, Мэрилин Йосефсон студенттерди жана тренерлерди бул инновациялык борборлорду бекемдөөгө чакырды. Өз кезегинде ЕБ мындай инновациялык долбоорлорду анда ары колдоого даяр:

Биз сиздердин жаштар демилгелерге байланыштуу тажрыйбаңыздар үлгү катары бүтүндөй Кыргызстанга тарайт деп үмүт кылабыз. Көрүнүп тургандай эле, команда жана чыгармачылык дем менен иштөө туруктуулук үчүн жакшы чечимдерди берип келет. Биз Санарип көңдүмдөр борборлору жаштар демилгелерин гана эмес, мамлекеттин иш-аракеттерин дагы бириктирет деп күтөбүз”, — деди Элчи.   Сөзүн жыйынтыктап жатып, Мэрилин Йосефсон жакынкы келечекте DigiKonush долбоорунун Баткен жана Каракол шаарларындагы Санарип көндүмдөр борборлоруна барарына тилек кылды.