I. Жалпы жоболор
Бул жобо Кыргыз Республикасында санариптик трансформацияны илгерилетүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө видеоклипке ачык конкурс өткөрүүнүн тартибин, мөөнөттөрүн жана шарттарын жөнгө салат.
Конкурстун уюштуруучусу — Эстония эл аралык өнүктүрүү борбору (Таллин ш.) жана «Лидер» АДБ КБ (Каракол ш., Кыргыз Республикасы) тарабынан ишке ашырылып жаткан шаардык жана элеттик калктын ортосундагы санариптик ажырымдарды азайтууда айылдык жаштарды жана аялдар уюмдарына колдоо көрсөтүүчү Европа Биримдигинин «DigiКонуш санариптештирүү аркылуу Кыргызстандын элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу » долбоору.

II. Конкурстун максаттары жана милдеттери
Конкурс Кыргыз Республикасында санариптик трансформацияны илгерилетүүнүн маанилүүлүгүнө багытталган музыкалык видеоклипти түзүү максатында өткөрүлүүдө

III. Конкурстун катышуучулары

Музыкалык видеоклипти түзүү боюнча сынакка кесипкөй акындар жана композиторлор, видеографтар жана режиссерлор, үн жана аранжировка боюнча эксперттер, ошондой эле атайын музыкалык билими жок кыргызстандыктар катышат.
Музыкалык видео жеке инсан тарабынан же чыгармачыл топто жаралышы мүмкүн.
Сынакка берилген видеоклиптер автордук маалыматтарды (Ф.А.А., почта жана электрондук дареги, телефон (вотсап/ телеграм) камтууга тийиш.

IV. Өткөрүүнүн тартиби жана шарттары
Конкурска катышуу үчүн онлайн ХХХХХХ анкетасын толтуруу жана 2023-жылдын 10-апрельге чейин leader.org.kg@gmail.com электрондук почта дарегине конкурстук ишти жөнөтүү зарыл:
Сынактын жыйынтыгын чыгаруу 23-29-апрель күндөрү TechFests фестивалынын бир сериясында катышуучулар арасында ачык добуш берүү жолу менен өткөрүлөт.
Жеңүүчүлөрдү салтанаттуу сыйлоо аземи 2023-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында боло турган пресс-конференцияда өтөт (жеңүүчү сыйлыктарды тапшыруу аземине онлайн же оффлайн форматта чакырылат, мында бардык чыгымдар уюштуруучулар тарабынан жабылат).
Сынактын жеңүүчүлөрү (долбоордун авторлору) пресс-конференциянын жүрүшүндө акчалай сыйлыктар жана эстелик белектер менен сыйланышат.

V. Иштерди тариздөөгө талаптар
Видеоклиптин узактыгы 4 мүнөттөн ашпайт.
Видеонун форматы – Youtube үчүн горизонталдуу же IGTV үчүн вертикалдуу
Видеоклиптин тексти кыргыз, орус жана англис тилдеринде кабыл алынат.
Видеоклипте сөздөр жана музыка, ырдын аткарылышы, видеокатар болушу зарыл.
Нормативдүү эмес лексиканы, зомбулук көрүнүштөрүн жана жарнамалык сюжеттерди камтыган жана ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп бербеген ырдын текстине жана клипке Конкурска катышууга жол берилбейт.

VI. Болжолдуу тематикалык блоктор
• Айылдарда жана шаарларда кыргызстандыктар арасында билим берүүнү (формалдуу эмес) илгерилетүү
• Заманбап технологиялар менен элет жергесиндеги жаштардын жана аялдардын жашоосун жакшыртуу
• Теңдикке багытталган ачык коомдун идеялары, санариптик келечекке карата салттарды сактоо аркылуу өнүгүү вектору ж.б.

VIII. Автордук укуктарды коргоо
Сынакка ыр-клиптин вариантын сунуштоо менен автор же автордук жамаат бул чыгарманын анык автору экендигине кепилдик берет.
Сынакка катышуу менен, жеңишке жеткен учурда 2023-жылдын 20-30-апрель күндөрүндө, ошондой эле 29-апрелдеги пресс-конференцияда TechFests фестивалынын жүрүшүндө ар бир автор же автордук жамаат өзүнүн видеоклибин пайдалануу укугун акысыз бере тургандыгына кепилдик берет.

Катталуу формасы