27-январда Г. Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде «КУРАК энциклопедиясы» аттуу санариптик көргөзмөнүн жабылыш аземи өтүп, ага Европа Биримдигинин КРдагы Өкүлчүлүгүнүн Башчысы Мэрилин Йосефсон, КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу ж.б. катышты.  

 Элчи айым экспозициянын уюштуруучулары жана катышуучуларына алардын дилгирлиги менен эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, иш-чаранын маанилүүлүгүн баса белгиледи:

«Бул көргөзмө өткөн менен келечекти байланыштырып, ар кандай муундагы адамдарды бириктирет. Европа Биримдиги катары биз бул демилгени колдоп жатканыбызга сыймыктанабыз, себеби ал ЕБдин КРдагы ишмердүүлүгүнүн негизги 3 багытына шайкеш келет: айыл жергелерин өнүктүрүү, санариптештирүү жана айлана-чөйрөнү коргоо. Курак экспонаттарын санарипке өткөрүү менен сиздер эми Кыргызстанда гана эмес, алар менен бүткүл дүйнө менен бөлүшө аласыздар», — деди М. Йосефсон.

Өз кезегинде КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу министр Алтынбек Максутовдун атынан катышуучуларга каалоо-тилектерин билдирди:

«Белгилүү болгондой. 2021-ж. КРнын Президентинин Жарлыгы менен «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» концепциясы бекитилип, анын алкагында улуттук оймо-чиймелерди жайылтуу боюнча «Сайма» иш-чаралар комплекси иштелип чыккан. Ал эми бул көргөзмө анын ишке ашырууга чоң салым кошууда. Элчи айымга жана биздин өнөктөштөргө ушундай мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылык билдирип, биздин маданиятты өнүктүрүү үчүн мындан ары кызматташууга үмүт кылам», — деп айтылат министрдин билдирүүсүндө.

Экспозициянын өзүнөн тышкары, конокторго курак боюнча чеберчилик-класс жана курак кийимчен моделдердин дефилеси өттү.

Көргөзмөнүн катышуучуларынын бири, «Эко курак» долбоорунун негиздөөчүсү жана курак өнөрчүлүк боюнча тренер Чолпон Аламанованын айтымында, окуучулар бир гана тикмечиликтен чыккан калдыктарды колдонулуп, экологияга чоң пайда алып келүүдө:

«Курак алтынга тете болгон кездеменин тартыштыгынан улам жаралса, азыр анын жаңы миссиясы пайда болду. Кыргызстанда тигүүчүлүк өндүрүш өнүккөндүктөн цехтер күнүгө тонналаган калдыктарды чыгарат. Биз окуучулар менен аларды кыдырып, кездеме калдыктарын чогултабыз. Мен калдыктардан сонун кийим-кече жана үйдү кооздой турган буюмдарды жасоого мүмкүн экенин көрсөтөм. Аларды сатып же белекке берсе болот. Бул чыгармачылык, ошондой эле, чүпүрөктөрдү өрттөп, биз дем алчу абаны ышга айладырбоого салым кошуп келет», — дейтЧ. Аламанова.

Эске салсак, «Курак энциклопедиясы» санариптик көргөзмө, «Лидер» АДБ (Кырызстан) жана Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору (Таллин) ишке ашырып жаткан Европа Биримдигинин «Digikonush — Санариптештирүү аркылуу элет коомчулуктары үчүн таза, айкын келечек куруу» долбоорунун алкагында«Курак Аялдар форуму» коомдук бирикмеси тарабынан субгрант катары иштелип чыккан. Улуттук музейдин санариптештирилген экспонаттары 1916-жылдан тартып учурга чейинки мезгилди камтыйт (100 жылдан ашуун). Бул көргөзмө — кыргыз, орус, англис тилдеринде курактын тарыхын айтып берүүчү үн менен коштолгон 20 мүнөттүк шоу. Экспозиция 20-27 январда өтүп, экспонаттарды андан ары сактоо жана өнүктүрүү үчүн музейге тапшырылды.